Бишкекте аба ырайы дароо суук болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу вирустук оорулар күч алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жумада курч респиратордук вирустук оорунун 1 миң 466 учуру катталган, мурдакы жылга салыштырмалуу 805 учурга көп.
«Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору тобокелге кабылган адамдарга сасык тумоого каршы эмдөөлөрдү жүргүзүшөт: балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, тез-тез ооруп жүргөн балдар, карылар жана майыптар үйлөрүнүн тургундары, тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, БМСЖда иштегендер, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 65 жаштан ашкан адамдар эмдөөлөрдү алышат», -деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек шаары россиялык өндүрүштөгү «Гриппол плюс» сасык тумоого каршы 14 миң 685 доза вакцинасын алды.