Оренбург шаарында 17 адам спиртке ууланып каза болду. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жарыялады.
Маалыматка ылайык, окуяга шектүү катары 3 жаран кармалды.
7 -октябрга караган түнү Ясненский, Домбаровский жана Адамовский райондорунун 36дан 73 жашка чейинки бир нече тургундары ууланып, ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 17 адам каза болуп, учурда дагы 16 адам ооруканада дарыгердин көзөмөлүндө.
Кийинчирээк баары спирт ичимдиктерин бир эле өндүрүүчүдөн сатып алышканы белгилүү болгон.
Тергөөчүлөр беш кылмыш ишин козгоп, шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Бул продукцияны сатууну уюштурган 29 жаштагы Орск шаарынын тургуну экени аныкталды. Ошондой эле, Акжарское айылынын 60 жаштагы тургуну жана Красночабанское айылынын 47 жаштагы тургуну кармалган. Алар жасалма спирт сатууга шектелүүдө. Тергөөнүн алкагында соода-сатып алуу базасынан 1279 бөтөлкө спирт алынды.