7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКнын төрагасы Мамытов Майлуу-Суу шаарына ФАП, бала бакча, мектеп салдырууда

1076
Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарына барып, жаңы түптөлүп баштаган фельдшердик-акушердик пунктун пайдубалына капсула салган. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык,  Майлуу-Суу шаарынын эли төрага Мамытовго кайрылып, пандемиядан кийин медициналык мекемеге муктаждык күчөгөндүгүн айтышкан. Мындан улам «Ассанабил» фонду менен сүйлөшүулөр жүрүп, бүгүн, ФАПтын курулушуна капсула салынды.
Ушул бакчадан эл-жер үчүн кызмат кылган инсандар өсүп, чыксын. Билим уясы болгон ак бешик имаратыбыз баарыбызга кут болсун”, – деп каалоо айтты Мамытов.
Аталган фонд төрага Талант Мамытовдун демилгеси менен Ноокен районундагы Киров айылына 24 оорундуу балдар бакчасын да куруп берген. Бүгүн төраганын катышуусунда кызыл лентасын кесип, салтанаттуу ачылуу аземи өттү.  Мындан сырткары, 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жаткандыгы айтылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1077