7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан Россиядагы элчи кабар алды

634

Россиядагы элчи Ульяновск районунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-август күнү Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.К. Самат Ульяновск облусунун губернатору А.Русских менен биргеликте 21-августта Ульяновск районунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган Кыргызстандын жарандарын көрүү үчүн Чучкалов атындагы Ульяновск областтык медициналык жардамдын адистештирилген түрлөрүнүн клиникалык борборуна барды.

Анын жүрүшүндө жооптуу дарыгерлер Элчиге мекендештерди дарылоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешти.

Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине КРнын президентинин Фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды. Ошондой эле каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилди.

Белгилей кетсек, 21-август күнү Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 14 кыргызстандык каза болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

635