Токтогул районундагы К.Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жол кырсыгына учураган.
Билим берүү жана илим министрлининен билдиришкендей, учурда 2 мугалимдин абалы оор 3 мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланууда.
«Тилекке каршы, мектептин математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева алган жараттарынан улам каза болду. Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул районунда мугалимдин өмүрүн алган жол кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алды. Маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз… Жабыр тарткандардын батыраак сакайып кетүүсүн тилейбиз. Кырсыкка кабылгандарга Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө»- деп берилет билдирүүдө.