7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министрлиги жаштарды сыйлоого чакырган мыйзам долбоорун иштеп чыкты

863

Маданият министрлиги жаштарды сыйлоого чакырган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.

Депутаттар “Жаштар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатышат. Өзгөртүүлөргө ылайык, жаштардын жашын 14 жаштан 30 жашка чейин аныктоо сунушталууда. Мыйзам долбоорунда жаштар үйүнүн жана борборлорунун иштеши да каралган.

Мындан тышкары, учурда бир топ активдүү, бирок мыйзам тарабынан жөнгө салынбаган жаштардын волонтердук ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салуу пландалууда.

Министрлик 23 жаңы түзөтүүнү сунуштаган. Талкуудан кийин экинчи окууга чыгарылды.

Быйыл жаштарды колдоо программаларын ишке ашырууга 8 миллион сом бөлүнгөн. Маданият министри Алтынбек Максүтов да жаштарды колдоо үчүн бөлүнгөн 8 миллион каражат аздык кылып жатканын айтып, ведомство бул сумманы 40 миллион сомго көтөрүүнү суранууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

864