2023-жылдын март айында Арменияны кошпогондо, бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтердин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономиканын калк керектөөчү секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстан менен Кыргызстанда байкалды. Маалымат өткөн жылдын декабры менен быйылкы март айына карап берилген.
Ал эми февраль менен салыштырганда ЕАЭБдин Армениядан башка бардык өлкөлөрүндө керектөөчү баа менен тарифтер жогорулаган. Кыргызстандагы кымбаттоо 0,2 пайызга өскөнү байкалып, ал алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы көтөрүлгөнүнө негизделген.
ЕАЭБ мамлекеттеринде мартта (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) кызмат көрсөтүү жана товарлар тобундагы керектөөчү сектордун инфляциясынын деңгээли:
Март ү.ж. февралына карата |
Март мурунку жылдын декабрына карата |
Марттагы орточо айлык өсүү темпи (төмөндөшү) | ||||
2022 | 2023 | 2022 | 2023 | 2022 | 2023 | |
Армения | 1,8 | -0,7 | 3,5 | 0,8 | 1,2 | 0,3 |
Беларусь | 6,1 | 0,6 | 9,4 | 2,6 | 2,2 | 0,9 |
Казакстан | 3,7 | 0,9 | 5,2 | 3,2 | 1,7 | 1,1 |
Кыргызстан | 3,2 | 0,2 | 5,0 | 3,2 | 1,6 | 1,1 |
Россия | 7,6 | 0,4 | 10,0 | 1,7 | 3,2 | 0,6 |