Бүгүн, 17-апрелге карата өлкөнүн айрым жолдору менен ашууларында кар аралаш жаан, кар жаап бороон болууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бишкек-Ош унаа жолунда, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жолдор кардан тазаланып жатат. Унаа кыймылына чектөө жок.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда да бороон уруп, техникалар даяр. Жол ачык. Кырдаалга жараша кошумча маалыматтар берилет.