7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоламан менен Акжол дүйнөлүк күрөш уюмунан акчалай сыйлык алат

819

Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (United World Wrestling) акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, грек-рим күрөшү боюнча ар бир салмактан үч алдыңкы балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет. Рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар, экинчиге 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң доллар бөлүнөт.

Рейтингде 60 кг салмакта биринчи орунда турган Жоламан Шаршенбеков 5 миң доллар, ал эми 77 кг салмакта тизменин экинчи сабында жайгашкан Акжол Махмудов 3 миң доллар алат.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2022-жылдын 10-18-сентябрында Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820