Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. Финалдык беттеш 9-октябрь кечки 22:30да түз эфирде чагылдырылды.
Шаршенбеков алтын курга болгон күрөштө молдавиялык Виктор Чобану менен беттешип 9:3 эсебинде жеңишти алдырып койду.
Алгачкы 2 мүнөттө активдүүлүгүн көрсөтүп 3 упай алган менен кийинки мүнөттөр Чобанунун пайдасына кетти.
Эске салсак, Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктаган.
Спорттук комментаторлор кыргызстандык балбан шашып койгонун белгилеген болчу. Бирок атаандашы алдыңкы орундарга жеткен эмес.
Молдавиялык балбан Виктор Чобану 29 жашта. 2018-жылы дүйнө чемпионатынан күмүш алып, 2019-жылы Европа чемпиону болгон.
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2018-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан күмүш байге уткан. 2020-жылы дүйнө кубогун жеңип алган.