7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жолдогу таштандылар үчүн Түптүн акимине сөгүш берилди

739

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, президент ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

«Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат», — деп кошумчалады Эрбол Султанбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740