7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жолдун боюнан киши колдуу болгон сөөк табылган. Шектүүлөр кармалды

386

Сузакта адам өлтүрүүгө шектүү катары жергиликтүү эки жашоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге 40 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 17-октябрда Бишкек — Ош унаа жолунун боюнан 32 жаштагы бир тууган инисинин табылганын билдирген. Ал милиция кызматкерлеринен иниси кандай жагдайда каза болгонун аныктап, эгерде киши колдуу болсо кылмыш жасаган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1994-жылы туулган К.И. жана Баткен районунун тургуну 1988-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

387