7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жолуңду ачып берем… Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

129

Бишкекте 43 миң доллар алдап алган “көзү ачык” кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, шектүү жабырлануучунун “жолун ачып берүүнү” убадалаган. Ар кандай ырым-жырымдарды жасап, аялдан акчаны көрүстөндөргө калтырууну талап кылып, жип, ийне, карта, шам сыяктуу буюмдарды колдонгон.

Бишкек тургуну акчаны быйыл май айынан октябрь айына чейин бөлүп-бөлүп берип турган. Шектүүнүн айтымында, акчалар көрүстөндө бир нече жолу көмүлгөн.

“Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо укук коргоо органдарына кайрылууну суранды.

130