Жогорку окуу жайларга I турда 14 миңден ашуун абитуриент кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, I турда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн.
Ага ылайык, I турдун жыйынтыгы менен 14 миң 271 абитурент кабыл алынды.