Ишкер, «Шоро» компаниясын негиздегендердин бири Жумадил Эгембердиев: Туризм тармагын туура өнүктүрсө, өлкө калкынын жарымына жакыны ушул тармакта эмгектенип, өзүн өзү багып кете алат Кыргызстандын өзүнүн ичинде дагы эс алуу маданияты жогорулап баратат. Мурда кыргыздар мал менен жанын багып келген жана кээде мал адам үчүн иштебей эле, эл малга иштеп, адам малдын кулу болуп бараткан көрүнүш токтоп баратат. Малдын артынан жүрө берсек, жайыттарыбыз эрозияга чалдыгат, бүткүл экономика менен маданият өзгөрүүгө муктаж.
Ал эми сырттан келген туристтер биздин көп кабаттуу имараттарыбызга же беш жылдыздуу мейманкаларыбызга кызыкпайт, алар биздин тарыхыбызга жана өзгөчө маданиятыбызга кызыгат, биздин кайталангыс жаратылышыбызды, көз жоосун алган тоо-капчыгайларыбызды көргүсү келет. Чет өлкөлүк туристтерди тартуу үчүн ар бир аймакта шарттар түзүлүш керек, региондор өнүксө, ал ички миграцияны дагы токтотот эле жана кошуна мамлекеттер менен дагы мемилелер татыктуу денгээлде өнүгөт эле…