7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Берлинде Чыңгыз Айтматовдун кечеси өттү

188

Берлин шаарында менен Кыргызстандын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган кече болуп өттү.

Кыргызстандын Германиядагы элчисинен билдиришкендей, кече «Go East Generation e.V.», «Герман-Орус фестивалы» немис коомдору жана «Abacus» мейманканасынын жетекчилиги менен биргеликте уюштурулду.

Кеченин жүрүшүндө Сабина Гешке 2023-жылы Кыргызстанга жасаган туристтик сапарынын жыйынтыгы боюнча даярдаган “Чыңгыз Айтматовдун изи менен” видеофильми көрсөтүлдү.

Иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан 1969-жылы режиссёр Ирина Поплавская жана 1994-жылы немис режиссёру Моника Тойбер тарабынан Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестинин негизинде тартылган эки тасмадан кыска сюжет көрсөтүлдү.

Элчиликтин кеңешчиси Айнура Турсумбаева өз сөзүндө кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларына кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгына жана Кыргызстанга болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчилик тарабынан Кыргызстан тууралуу чакан сүрөт көргөзмө уюштурулуп, мекендешибиз Исида Саматтын аткаруусунда кыргыздын улуттук күүлөрү коштолгон музыкалык номерлер тартууланды. Кеченин конокторуна Кыргызстан тууралуу видеофильм көрсөтүлдү жана өлкө тууралуу туристтик брошюралар таркатылды.

 

189