Буга чейин блогер Аружан Бекешева Ош облустук ооруканасынын коридорунда жатканын айтып, видео менен бөлүшкөн.
Аны «Тез жардам» унаасы менен Баткенден Ошко жеткиришкен. Бирок облустук клиникада дароо кабыл албай, рентгенге дагы түшүрүшкөн эмес. Анын айтымында, буга дарыгерлердин кечеси себеп болгон.
Окуя боюнча Ош облустук оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев окуянын видеосу менен бөлүшүп, коридордо 2 мүнөт 40 секунд гана болгонун билдирди.
«26-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө 2000-жылы туулган Бекешева Аружан аттуу бейтап түшкөн. Бейтапты күзөттөгү дарыгер травматолог Жусупбеков Султан кабыл алып, бир сыйра короодон өткөрүп, диагноз аныктап, нейрохирургия бөлүмүнө бейтап баянын ачып, бөлүмдүн 4 орундуу 3-палатасына жаткырган. Бейтап нейрохирургия бөлүмүнө барган учурдан 2 мүнөт 40 секунддун ичинде палатага жайгаштырылган, коридордо болгону керебеттин шейшептерин алмаштырганча 2 мүнөт 40 секунд коридордо болгон. Ооруканада ар дайым күзөттөгү дарыгерлер өз милдеттерин аткарып, ар бир бейтапты кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү бөлүмдөргө жайгаштырышат. Дарыгерлер үчүн блогерлер болобу, катардагы карапайым бейтап болобу айырмасы жок. Азыркы учурда бейтапка кошумча изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө»,- деп берилет билдирүүдө.