7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгалда ата-баланы издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды

501

Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын учкучсуз учуучу аппараттар бөлүмүнүн кызматкерлери кошулду.

ИИМден билдиришкендей, учкучсуз учуучу аппараттар издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет.

10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө тынымсыз уланууда. Издөө операциясына укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Эскерте кетсек, 16-октябрда Өрнөк айылынын тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

 

 

502