Президенттин бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча пресс-конферернцияда берген маалыматы.
Анын айтымында, экономиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты катары ишкерлерге жана инвесторлорго жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Белгилүү болгондой, өткөн жылдын декабрь айында ишкерликти укук коргоо органдары тарабынан текшерилишине тыюу салуу киргизилген.
«Жыл башында кол койгон алгачкы жарлыктарымдын бири да – “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” деп аталат. Ошондой эле жаңы Конституцияга инвестициялык ишмердүүлүк субъекттерин коргоо кепилдиги боюнча норма киргизилди. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2021-жылдын август айында жаңы мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун текшергенге убактылуу тыюу салынды. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун портфели 750 млн АКШ доллары суммасындагы 50 долбоордон турат. Инвестициялык өнүктүрүү фонддору түзүлдү. Экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду каржылоо максатында инвестициялык өнүктүрүү фонддорун түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Маселен, баштапкы уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзгөн. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду негизделип, аны андан ары 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү макулдашылды», — дейт ал.
Ошондой эле ал, Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун баштапкы уставдык капиталы 16 млн АКШ доллары деп түзүлүп, аны андан ары 50 млн АКШ долларына чейин жеткирүү макулдашылганын билдирди. Андан тышкары, уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун, уставдык капиталы 50 млн АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун уюштуруу маселесинин үстүндө иш-аракеттер жүрүп жаткан учуру. Аталган фонддордун иштеши менен биздин экономиканы өнүктүрүүгө жакшы шарттар түзүлөт. Учурда фонддор иштей баштаган.
Коомчулуктун кендирин кескен — жусушсуздук…
«Жаңы ишканаларды ачып жаңы жумуш орундарын түзүү учурдун талабы. 2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 353 жаңы ишкана ишке кирди. Региондордо 2021-жылдын алты айында бардыгы болуп жалпы өлкө боюнча 42 776 жумуш орундары түзүлдү. Ошондой эле өнөктөш өлкөлөр менен соода байланыштары жанданып, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө», — дейт өлко башчы Садыр Жапаров.
2021-жылдын сегиз айынын жыйынтыгында тышкы соода жүгүртүү 4,4 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда дээрлик 20 пайызга көбөйдү. Анын ичинде Евразия экономикалык Биримдигинин өлкөлөрү менен сооданын көлөмү 2 млрд АКШ долларын түзүп соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 26 пайызга өстү. 2021-жылы дүйнө жүзүндө чет элдик түз инвестициялардын агымы 35 пайызга кыскарган.
Ушуга карабастан, 2021-жылдын І-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасына чет элдик түз инвестициялардын келүү агымы 95 пайызга көбөйдү жана 321 млн АКШ долларын түздү.