7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жунушалиев Шаардык кеңештин депутаттарына жаңы жыйындар залын убадалады

120

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттарына жаңы жыйындар залын берүүнү убадалады.

Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттардын бири жаңы имарат маселесин көтөргөн.

Мэр укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин алкагында «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат мамлекетке кайтарылганын эске салды.

«Бир убакта ал мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Имаратты оңдоп бүттүк, зал даяр, бирок техникалык маселелер чечилбей жатат. Булар чечилгенден кийин Бишкек шаардык кеңешинин жыйынын ошол жерде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди ал.

Эске сала кетсек, мурунку чакырылыштагы депутаттар да азыркы залдын тардыгына нааразылыгын билдиришкен.

121