7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыгач материалдарын ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

657

Жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык министрлер кабинети токтом кылат:

— Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

Убактылуу тыюу салуу ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилет деп белгиленсин.

— Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

— Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

Буга катар Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658