Бүгүн, 6-мартта грузин депутаттары чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда мушташып кетишкен. Бул тууралуу “CentralAsia” жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Анри Оханашвили менен оппозициялык депутаттардын ортосунда оозеки айтышуу болуп, андан соң жыйындагы депуттаттар кошулуп мушташа кетишкен.
“Мыйзам долбоорлорун талкуулоо менен катар парламентке жакын жерде нааразычылык акциясы өтүп жатат. Митингчилер мыйзамдын кабыл алынышына каршы,”- деп берилет маалыматта.