7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова, Ахмед Джорджин «Өмүр багы» резолюциясына кол койду

425

Москва шаарында биринчи кыргыз-россиялык Аялдар форумунун алкагында кол коюлган билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар эки тараптуу меморандумдар менен алмашуу болду. Бул тууралуу парезиденттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова жана «АБ ЭНЕРГО» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Николай Коробовский, «ЕврАЗЭСПРОМ» компаниясынын жетекчиси Ахмед Джорджин «Өмүр багы» резолюциясына кол коюшту, ага ылайык президент Садыр Жапаров жарыялаган “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруунун алкагында Баткенде “Өмүр бакчасы” достук паркы түшүрүлөт.

Мындан башка төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. «Кыргызстан менен достук коому» коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Аян» жаштар театрынын ортосундагы кызматташуу меморандуму (Театрга репетиция жана спектаклдерди жана театралдык оюн-зоокторду коюу үчүн Москва шаарында туруктуу негизде акысыз пайдаланууга жай берүү);
  2. «Кыргызстан менен достук коому» коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Фрунзе» коммерциялык эмес автономдуу уюмунун ортосунда аялдар арасында волейбол боюнча спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ниеттер жөнүндө меморандум (машыгуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бир жалпы спорттук волейбол залы менен камсыз кылуу);
  1. «Кыргызстан менен достук коому» коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Агартуу билим борбору» Коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум (билим берүү тармагындагы “Жекшембилик мектеп” долбоорун ишке ашыруу мезгилине 8 мугалимди аныктоо: билим берүү жана Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарынын балдарына орус жана кыргыз тилдерин окутууну уюштуруу);
  1. «Кыргызстан менен достук коому» коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Москва Кайрыктары» Адабий клубунун ортосунда китепти которуу долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандум («Москва кайрыктары» 7-чыгармалар жыйнагын кыргыз тилинен орус тилине которууну ишке ашыруу боюнча);
  1. «Кыргызстан менен достук коому» коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Ишкер айым» («Бизнес-леди») Коомдук бирикмесинин ортосундагы ниеттер жөнүндө меморандум (Фонд тарабынан Бирикмеге «Бизнес-инкубатор» долбоору үчүн 1,5 млн. рубль өлчөмүндө каржылоо берүү жөнүндө);
  1. «Кыргызстан менен достук коому» коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Дарылоо-реабилитациялык институт» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун ортосунда Россиянын Элдердин достугу университетинде (РУДН) окуу үчүн билим берүү гранттарын бөлүү жөнүндө меморандум (Кыргызстандан барган 5 аялды/кызды РУДНде медайым иши багытында окутууга гранттарды бөлүү жөнүндө);
  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыздипсервис” Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жана “Инсан-Лейлек» коомдук фонду менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Кризистик борборду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча Меморандум;
  1. «В.В. Жириновский атындагы Дүйнөлүк Цивилизациялар Университети» жогорку билим берүү коммерциялык эмес автономдуу уюму менен «Дайыма мени менен болгон үй» долбоорунун автору Д.Казакпаева ортосундагы (Көчмөндөр маданиятынын музейин түзүү максатында Д.Казакпаевага 30 чарчы метр аянтты акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө) ниеттер жөнүндө меморандум;
  1. «Кыргыз Республикасынын Аялдар конгресси» коомдук бирикмеси менен «АБ ЭНЕРГО» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун ортосунда «Аялдар жана санариптештирүү» долбоорун ишке ашырууга грант бөлүү жөнүндө меморандум (материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча Коом Конгресске 73787,05 доллар өлчөмүндө грант бөлөт);
  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи (УТМ) менен «АБ ЭНЕРГО» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун ортосунда финансылык грант бөлүү жөнүндө меморандум («КАМИС 5» автоматташтырылган музей маалыматтык системасын сатып алуу, жеткирүү жана орнотуу маселесин изилдөө үчүн КР УТМге 1 млн 650 миң рубль өлчөмүндө акысыз финансылык грант бөлүү жөнүндө);
  2. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен «АБ ЭНЕРГО» ЖЧК ортосунда 11 млн рубль өлчөмүндө финансылык грант бөлүү жөнүндө меморандум.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

426