7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл сайын Жаңы жылда көрүлүүчү тасмалардын тизмеги

637

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Бул үй-бүлөлүк майрам болгондуктан жакындарыңыз менен өткөргөнүңүз маанилүү. Ал ортодо кышкы эс алууну дагы пландап жатсаңыз керек. Кыштын кереметин сезүү үчүн айрымдары тоого чыгып, лыжага барып же чет өлкөлөргө саякаттап кетсе, айрымдары жөн гана үйдө жакшы көргөн тасмаларын көрүп эс алганды жактырат. Андыктан, сиздер үчүн өзгөчө тасмаларды сунуштайбыз. Бул тасмаларды канча жолу көрсөңүз дагы өзгөчө маанай тартуулап, Жаңы жылдык атмосферага алып барат.

«Үйдө жалгыз» же «один дома» (АКШ)

Көрүүчүлөр ушунчалык жактыргандыктан анын алты бөлүгү тартылган. Тасмада өспүрүм баланын бандиттерге каршы ийгиликтүү күрөшүн комедиялык жанр менен чагылдырышкан. Бул кинону жаңы жылда көрүү ар бир адам үчүн салтка айланган.

«С легким паром» (Россия 1975)

Бул тасма дагы ар жыл сайын жаңы жылда көрүлүүчү тасмалардын катарын толуктайт. Женя адаттагыдай достору менен мончого барып, мас болуп калып Ленинградка адашып барып алып, ал жактан өз бактысын табат.

Кичинекей рождество жомогу” “Маленькая рождественская сказка” (Швеция, Финляндия 1999)

Ар бир баланын жакшы көргөн оюнчугу болот. Бул Иннанын сүйкүмдүү аюунун стокгольмдун айланасындагы саясаты тууралуу тасма. Кыз аны метродо жоготуп алган. Ошондон бери ал ар кандай адамдар менен жүрдү. Бирок рождество түнүндө аюу аны табуудан таптакыр үмүтүн үзгөн ээсине керемет жолу менен кайтып келет.

Санта жерге кулаганда” “Когда санта упал на землю” (Германия, 2011)

9 жаштагы Бендиндин ата-энеси кичинекей шаарга көчүп кетишкен, ал жерде дос табуу оңой эмес болгон. Жаңы жашоо бала үчүн кызыксыз болду. Ал күткөн рождество да аны бактылуу кыла алган жок. Анан эле Бендин көз алдында аяз ата кулап түшөт! Ошол учурдан тартып баары өзгөрөт…

Деннис рождество коркунучу” “Деннис-Мучитель рождества” (Канада, АКШ, 2007)

Кичинекей зыяны жок бала дайым чоң кырсыктардын себеби болуп калат. Кошунасы Вильсон мырза менен өзгөчө оор мамиледе болгондуктан. Бул жолу майрамдык маанай тартуулоого өзгөчө даярданат. Бирок, торттор абада учуп, жаңы жылдык балатылардын жасалгалары кыйрап, кошунасы шайтан арабанын дөңгөлөктөрүнүн астында калат.

Жаңы жылдык тарых” “Рождественская история” (Финляндия, 2007)

Лапландияда жашаган Николайдын ата-энеси каза болгон. Кыштактын тургундары аны өз камкордугуна алууну чечишет. Ар бир үй-бүлө ага жыл бою кам көрөт. Ар жаңы жыл сайын жаңы үй-бүлө кабыл алат. Бир канча жылдан кийин баланы алыскы айылга тарбиялоого жиберүүгө аргасыз болушат. Ал кетээр алдында балдарга өз колу менен жасаган белектерин берип чыгат. Ал эми айылда карыган жыгач уста менен жашап, иштөөгө аргасыз болот.

Биздин сүйүктүү окурмандар, биз тизмектеп кеткен тасмаларды көрдүңүз беле, кайсыл учурлары эсиңизде калган? Ошондой эле сиз дагы жакшы көргөн тасмаңызды жазып кетиңиз.

 

638