7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия өттү

389

22-январда Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегиясы болуп өттү.

Ага облус башчысы Эрмат Джумаев баштаган ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, шаар мэри, район акимдери, облустук, шаардык мекеме-ишкана жетекчилери айыл өкмөт башчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Коллегиялык кеңешменин күн тартибинде 2024-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана ар кандай маселелер каралды. Анда облустун өнүктүрүү программасынын алкагында жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы, салык жыйымдары, социалдык өнүгүү, зордук-зомбулуктарды жана жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Кеңешменин соңунда ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев айыл өкмөт башчыларына жергиликтүү бюджеттерди стратегиялык өнүктүрүү программага ылайык, максаттуу бөлүштүрүү зарылдыгын айтты.

 

 

390