7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм» деп коркутуп, 100 миң сом талап кылган аял кармалды

396

Сузакта сүрөттөрдү шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБне 1972-жылы туулган Сузак районунун  А.Б. аттуу  тургуну арыз менен кайрылган. Анда 21-сентябрь күнү өзүнө тааныш болгон Роза аттуу аял жылаңач сүрөттөрүн интернет булактарына жарыялайм деп коркутуп 100000 сом  акча каражатын талап кылгандыгын айткан.

Аталган окуя Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Сузак РИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну  А.С.   Бишкек-Ош автожолунда 1972-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан 25 000 (жыйырма беш мин) сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан  кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын  Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

397