7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жылдын мыкты мугалими» Элзат Асановага батир берилди

17

21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды.

Борбордон үйлүү болуп, үй-бүлөсү менен кубанып турган Элзат Асанованын беш баласы бар. Ал улуу кызы азыр 9-класста окуй турганын айтып, келечекте балдары окууга келгенде бул үй алардын туруктуу очогу болорун билдирди.

Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.

Ал “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын райондук жана облустук этаптарынан ийгиликтүү өтүп, республикалык турда баш байгени утуп алган.

18