7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жылдызкан Жолдошева: Садыр иним, «намысты» четке кагып койгудай, сиз «бизнесмен» эмессиз!

16434
«Кыргыз элин, азыркы кылымга дейри бир гана «намыс» сактап келе жатат жана сактайт. Анткени, кыргыз эли өтө «намыстуу эл» -деген саясатчы, мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева, Президенттин Душанбе шаарына иш сапарына бараарын сынга алды.
«Эмомали Рахмон кандуу согушту баштап, 44 жараныбыздын өмүрүн алып кетти, (арасында өспүрүм балдарыбызды дагы) үйлөр өрттөнүп, кыргыз элинин «намысы» тебеленип калган эле… эмне бийлик бат эле унутуп калдыңарбы?
Садыр иним, Сиз бир «бизнесмен» эмессиз да, бизнес үчүн, «намысты» четке кагып коюп, баарын кечирип, партнёруңуздун «үйүнө» чай ичкени барганы…Сиз деген эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти болосуз. Ошондуктан, Сиз кандай кырдаал, абал болбосун «улуттук намысты, туубуздан да, бийик көтөрүп жүрүшүңүз» керек.
Туура, эки президент жолугушуусу, о.э.маселелер чечилиши абзел.
Бирок, нейтральный территорияда. Баткен окуясы, Садыр Нургожоевич, Сиздин жүргүзүп жаткан бийлигиңиздеги өчпөс » кара так», мен каалабайт элем…Э. Рахмон менен Душанбеде жолугуп » экинчи кара такты» ордендей көкүрөгүңүзгө тагып алганыңызды.
Азыр да кеч эмес, жолугуушуну «нейтральный» территорияда өткөрүүгө. Урматтуу Президент, Садыр Жапаров мырза, Сиз унутпаңыз эч качан, кыргыз Манастын тукуму экенин«, -дейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

16435