Бүгүн, 6-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндөтүнкүсүн 8…13, күндүз 19…24
- Талас өрөөнүндөтүнкүсүн 4…9, күндүз 17…22
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындатүнкүсүн 11…16, күндүз 23…28
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20
- Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22 градус жылыйт.
Ал эми, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кечке жуук жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.