7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөсү «Тайсон» кармалды

220

«Тайсон» каймана аты менен таанылган Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, С.М.Ж. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарынын кароочусу (смотрящий) болгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ал унаа мектептин мугалимин ага карата болгон компроматтык маалыматтарды КРнын ички иштер органдарынын жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылынган сумманын бир бөлүгүн, 30 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалып Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Өздүк тинтүү учурунда андан жалпы салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

221