7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыныстык мүчөсүн жаш балдардын оозуна салган жаран 2 айга камакка алынды

2226

Таласта жаш өспүрүмдөргө сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип, кармалган жарандын баш коргоо чарасы кечээ каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

«6-сентябрь күнү аталган факты боюнча кылмыш жасагандыгын аныктоого жетиштүү далилдер болгондуктан,  Жазык кодексинин 165-беренеси боюнча А. уулу Тга иш козголгон. Талас шаардык соту тарабынан кылмыш ишин жасаган боюнча шектүүнүн кармалуусу мыйзамдуу деп табылып, анын бөгөт коюу чарасы катары 2 айга камакка алуу түрү тандалды«- деп жазылат расмий маалыматта.

Эске салсак, 3-сентябрда Талас шаарынын 102 кызматына  Ч.Айтматов көчөсүндө май куйюучу жайдын жанында бейтаныш адам бычак менен ошол жерде турган жарандарды кубалап жүргөн деп билдирген.

Окуя болгон жерге ШИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү жүргүзгөн учурда Талас шаарынын төрт жарандары түшүнүк кат жазышып, анда өздөрүнүн өспүрүм 6 жашар эки кыздын, 7 жаштагы эки кыздардын апалары ошол жерде кошуна жашаган 1999 ж.т. А.Т. аттуу бала алдап үйүнө алып барып ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдирген.

Аталган билдирүүлөр Талас ШИИБнүн кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү Реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 165-бер. (Ыплас аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

6- сентябрда ата-энелер митингге чогулуп, милиция жана сот түузүмүнөн адилеттүү чечим талап кылышкан. Учурда  тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүп, соттук экспертизалар дайындалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2227