7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араванда Ирактан кайтарылган балдардын реаблитацияланышына мониторинг жасашты

631

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен биргеликте Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реаблитацияланышына мониторинг жасашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Рысбекова жана Базарбаев жашоо шарттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан көрсөтүлгөн социалдык, билим берүү жана башка кызматтар менен таанышышты.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайтып келген балдар билим алып жаткан билим берүү мекемелеринде болуп, мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулады.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын толук жана коопсуз жашоосу үчүн аларды кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Учурда бардык балдар камкордук каттоосу менен үй-бүлөдө жашашат. Окуу жылынын башынан бери мекенине келген 50 мектеп жашындагы балдар жалпы билим берүү уюмдарына барышты, 17 мектеп жашына чейинки балдар жашаган жери боюнча бала бакчага жайгаштырылды, 12 жеткинчек камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланууда.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бардык мекенине кайтып келген балдарга кийим-кече жана тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Ошондой эле балдарды реабилитациялоо жана социалдаштыруу боюнча иштерди жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632