Ош областынын Кара-Суу РИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын улук лейтененты «Б.Г.И.» зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн «А.М.А.» аттуу жарандан 20 миң өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.
8-июнда УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы биргеликте ыкчам-издөө жүргүзүп, тергөөчүсү «Б.Г.И.» 20 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармаган.
Кармалган адам УКМКнын Ош шаардык жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Кара-Сууда тергөө ишин жаап берем деп, 20 мин сом пара алган тергөөчү кармалды