Президент Садыр Жапаров Анкара шаарындагы Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын биринчи Президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды.
Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды. Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.
Белгилей кетсек, «Аныткабир» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.