Жалал-Абад шаарында дарыгерлер үй шартында дарыланып жаткан бейтаптардын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн үйлөрдү кыдырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккан 46 жаран үй шартында дарыланууда.
Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, аймактык башкаруу мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте үймө-үй кыдырып, бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, жакындарына жугузбоо жана санитардык эрежелерди туура сактоо боюнча атайын кеп-кеңештерди беришти.
Белгилей кетсек, ак халатчандар калкка өзүн-өзү дарылоо кооптуу экендигин эскертип, ооруга чалдыккандарды 118 ыкчам байланыш номерине кайрылуну эскертүүдө.