7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зордуктоо менен кармалгандар эми жоопкерчиликтен оңой кутула албайт

563

Зордуктоо менен кармалгандар эми жоопкерчиликтен оңой кутула албайт. Президент Садыр Жапаров кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, оор кылмыштар боюнча, анын ичинде зордуктоо иштерин тергөөнү тараптардын жарашып алган учурда токтотуу нормасы алынып салды. Башкача айтканда жабыркаган тарап тосмо арыз берген учурда да иш тергелип, сотко өтөт. Жыныстык кол тийбестик боюнча кылмыштарды алдын алуу максатында, жоопкерчиликтен качууга шарт түзгөн жылчыктарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген.

Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү да алынып салынды.

564