Жалал-Абадда кыргыз почта ишканасы ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка ылайык, келгендерге кызматкерлер жарманке уюштуруп, почта ишканасы тууралуу кенен маалымат беришти. Жалал-Абад шаардык кыргыз почта ишканасы жыл сайын 900 миңдей кат кабарларды өз даректерине жеткирет. Аларды таратууда 8 бөлүмдө 42 кызматкер иштейт. Мындан сырткары 1,5 миң карылар пенсия алууда кыргыз почтасынын кызматын колдонушат.
Ошондой эле 3 миң адамга жыл сайын түрдүү посылкаларды да үйүнө чейин жеткирип беришет. Акыркы учурда интернет аркылуу бум сатып алган кардарларды да тейлей башташты. 6 редакциянын гезиттерин жеткирип, 50дон ашык гезитке катталган адамдарга гезит-журналдарды жеткирип турат.
Эскерте кетсек, 9-октябрь бул тармактын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилейт.