Жалал-Абад шаарында өлкөдөгү ишкерлерди бир аянтчага чогулткан «Бизнес Караван» иш чарасы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.
Анын айтымында, иш чарага Кыргызстандын түштүк облусунун жана Талас, Ысык-Көл аймактарынан келген ишкерлер катышууда.
«Биснес Караван бул региондогу ишкерлер ортосундагы байланышты жакшыртуу жана туруктуу бизнес өнөктөш табууга чоң мүмкүнчүлүк жараткан аянтча. Анын максаты аймактардагы ишкерлерге колдоо көрсөтүү, трендтер менен кабардар кылуу, региондогу туризм тармагына көңүл буруу жана инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат. Иш чарада Кыргызстандагы белгилүү ишкерлер катышуучулар менен тажрыйбасын бөлүшүп, кеп-кеңештерин беришет. Бизнес Караван ЕККУнун каржылык колдоосу менен Ишкерлерди колдоо борбору тарабынан уюштурулууда. Аны өткөрүүнү ЖИА бизнес ассоциациясы демилгелеген. Эки күндүк иш чара эртең, 7-октябрда Артсанбап эс алуу жайында улантылып, туризм тармагы талкууланат», — деп берилет маалыматта.