7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№1 гимназия-интернатынын бардык мугалимдери иштен алынды

737

А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын мугалимдер жамааты толугу менен таркатылды.

17-апрелде социалдык тармактарда аталган гимназия-интернатынын окутуучулар курамы жана окуучулары жаңы директорго каршы митингге чыкканы тууралуу видео тараган. Бишкек шаардык мэриясы окуяга комментарий берип, тамак-аш берүүдөгү кемчиликтер, кадрдык жана уюштуруучулук иштерге бирдей мамиленин жоктугу жана мектептин аймагындагы эки кабаттуу муниципалдык имаратты өзүм билемдик менен басып алууга байланыштуу аталган окуу мекемесинин директору кызматтан алынганын билдирген.

Мындан тышкары, Тоголок Молдо атындагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн №71 орто мектеп-интернатына бириктирүү жолу менен №1 гимназия-интернатын кайра уюштуруу жана аны «Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси» деп өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республиканын билим берүү системасынын актуалдуу маселелери боюнча кеңешмеде бул билим берүү мекемесинде болуп өткөн окуяны катуу сынга алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

738