7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлөт

324

Министрлер кабинети «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000 сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилди.

Ошондой эле 2025-жылдын 1-октябрынан кийин дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен үстөктөрдү эске алуу менен 7 100 сомдон кем болбойт деп белгиленди.

Токтом менен министрлер кабинетине караштуу КР Социалдык фондуна 2025-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 1,10 өлчөмүндө пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине, бирок 600  сомдон кем эмес жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000  сомдон ашкан пенсия үчүн 5 000  сомдон көп эмес индексациялоо тапшырылды.

 

325