7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-сентябрда 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет

389

Жаңы окуу жылына карата өлкө аймагы боюнча 110 курулуш объектиси, анын ичинде 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди.

whatsappimage2_zpqvhkc.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Белгилей кетсек, бардык долбоорлор билим берүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында курулууда. Алардын ачылышы өлкө боюнча миңдеген мектеп окуучуларынын жана бөбөктөрдүн билим алуу жана тарбиялануу шарттарын кыйла жакшыртат.

Мектептерди облустар боюнча бөлүп карай турган болсок:

  • Бишкек — 1
  • Чүй облусу — 2
  • Баткен облусу — 3
  • Жалал-Абад облусу — 24
  • Ысык-Көл облусу — 9
  • Нарын облусу — 5
  • Ош облусу — 11
  • Талас облусу — 2.

2022-08-29_23-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Аймактар курулган бала бакчалар:

  • Бишкек — 2
  • Чүй облусу — 1
  • Жалал-Абад облусу — 5
  • Ысык-Көл облусу — 6
  • Нарын облусу — 1
  • Ош облусу — 5

whatsappimage2_lBmrCOe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Мындан тышкары, жакынкы убактарда башка да бир катар социалдык объекттерди, анын ичинде маданий жана спорттук имараттарды колдонууга берүү пландалууда.

390