7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-сентябрдан тарта «Тунгуч» онлайн мектеби иштей баштайт

485

2025-жылдын 1-сентябрынан тартып заманбап санариптик технологиялардын негизинде түзүлгөн жаңы форматтагы «Тунгуч» онлайн мектеби өз ишин баштайт.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат.

Ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен https://tunguch.kg/  расмий сайты аркылуу тааныша алышат.

Документтерди кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча жүргүзүлѳт, ошондой эле онлайн режимде дагы кабыл алуу болот.

2025-жылдын 1-августунан тартып:

  • ата-энелер менен расмий келишимдер түзүлөт;
  • окуучулар электрондук мектеп платформасына катталышат.

Окуу мазмуну жана даярдык:

  • электрондук окуу китептери жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык жаңыртылууда, тиешелүү электрондук материалдар 2025-жылдын 30-августуна чейин даяр болот;
  • мугалимдер үчүн окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.
486