7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10,6 млн сом зыян. Өлкөгө учакты мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

570

«Манас» бажысынын кызматкерлери учакты мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын аймагына «В» компаниясына таандык (инициалдар өзгөртүлгөн) ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган.

Бул аба учагы Кыргызстандын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы КР аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган. Бирок, бул аба учагы боюнча бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Жыйынтыгында мамлекетке 10 млн 637 миң 983 сом зыян келтирилген.

Бул факт боюнча материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571