Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
- Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 14…19;
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градуска чейин жогору болот.
- Бишкекте түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.