7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10 жаштагы 2 окуучу кызды зордуктап, муунтуп өлтүргөн «педофил» кармалды

3312

Россиянын Кемерово облусунун Киселевск шаарында 10 жаштагы эки окуучу кызды өлтүргөн жаран ошол эле айылда 3 жумадан бери турак үйдү ижарага алып жашап жүргөн. Бул тууралуу Кемерово облусунун тергөө комитетинин өкүлү журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 жаштагы эки окуучу кыз 6-сентябрь күнү мектепке кеткен бойдон үйлөрүнө кайтып барышкан эмес. Алардын жансыз денелери 7-сентябрда жеке турак үйлөрдүн биринен табылган. Ал эки кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн.

Өспүрүмдөрдү мыкаачылык менен өлтүргөн шектүү журналисттердин “Бул үй кимдин үйү, канча убакыттан бери жашаймың?”, — деген суроолоруна, “Батирди ижарага алгам”, — деп жооп узаткан.

Адам өлтүрүүгө шектүү 41 жаштагы Виктор Пестерников экени аныкталган. Ал буга чейин 2009-жылы педофилдик аракетерине байланыштуу 10 жыл эркинен ажыратылган. Тергөө комиссиясы шектүүнү абактан бошоткондон кийин профилактикалык иштердин жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу жооптуу органдарга кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн натыйжасында, Пастерников боштондукка чыккан соң башка шаарга кетип калган, бирок ал жактан дагы каттоого турган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3313