7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10 жаштагы өспүрүм Куранды 2,6 жылда толугу менен жаттаган

787

Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын жаш тургуну Анас Гапаралиевге Лейлек районунун баш имам-хатибинин атайын сертификаты тапшырылды. Сыйлыкты Лейлек районун Кулунду айылындагы “Таир” медресесинин мурунку мүдүрү, дин аалымы Ибрахим ажы Кадыров тапшырды.

Муфтияттын маалыматына караганда, Анас Гапаралиев 10 жашта болгонуна карабай, 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибиятынын атынан атайын белек ыйгаруу чечими кабыл алынган.

“Эгер кимде-ким Куран жаттаган болсо, акыретте анын ата-энесине алтын таажы кийгизилет. Бүгүн ушул баланын ата-энеси эң бактылуу инсандардан болду. Ушундай жаш балдар көбөйө берсин. Алган илимине Аллахым береке берсин. Ар дайым тилинен, дилинен Куран түшпөсүн. Куран нуру менен ар дайым нурданып жүрө берсин”, – деди Сейитбек ажы Полотов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788