Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн бюджеттик жоготуулар болгондугу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана мамлекеттик органдардын жогорку кызмат адамдары, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жаатында белгиленген укук ченемдик актыларды бузуу менен, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга беришип, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн бюджетке тиешелүү төлөмдөрдүн түшүшүнө зыян келтиришкендиги аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында бюджетке 100 миллион сомдон ашык суммадагы тиешелүү төлөмдөрдүн чыгымдары аныкталды.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) жана 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталып тергөө жүрүп жатат» -деп жазылат расмий билдирүүдө.
Ошондой эле, учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы айтылды.