7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров  Мар Байжиев менен жолугушту

518

 

Кечээ, 26-мартта президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров менен Мар Байжиев өлкөдөгү маданий, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүү чараларын жана коомдук-саясий процесстер жөнүндө талкуулашты.

Мамлекет башчысы Мар Байжиевдин улуттук маданиятка кошкон чоң салымын, анын искусство, илим жана билим берүү жаатындагы жигердүү ишмердигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай чечимдерди кабыл алууда улуу муундун пикир-кеңештерин жана тажрыйбасын эске алуунун өзгөчө маанисине токтолду.

Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүүсүн калктын маданий жана руханий баалуулуктарынан бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.

Ал мамлекет башчысы менен ата мекендик маданият, билим берүү чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жана улуттук идеологияны калыптандырууда борбордук элемент «Манас» эпосунда камтылган акылмандык болушу керектиги жөнүндө сунуштары жана көз караштары менен бөлүштү.

Конституциялык реформа маселесине токтолгон Мар Байжиев бүгүнкү күндө өлкө элдин мүдөөсүн канааттандырган жоопкерчиликтүү жана туруктуу бийликке муктаж экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында Мар Байжиев Садыр Жапаровго батасын берип, ага бардык пландалган реформаларды жүзөгө ашырууга күч-кубат, ден соолук каалады жана өзүнүн «Манас, Семетей, Сейтек» аттуу китебин белек кылды.

Президент Садыр Жапаров жолугушууда айтылган бардык сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынарын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519