Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу каналдары аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан КР аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча 2 каналга бөгөт коюлду.
Кыргызстандын эки жараны аталган ДЭУнун медиа канатынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шектелип кармалды. Ошондой эле алардын жашаган жеринен дисктер, смартфондор, ноутбуктар, өндүрүштүк принтерлер табылып алынды.
Кармалгандар Юстиция министрлигине караштуу ЖАК 21-тергөө абагына киргизилди.