7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян Бишкекке келди

635

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапары менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий тосуп алуу аземине карата “Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди. Акылбек Жапаров менен Ли Цян бири-бири менен учурашкандан соң, Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин тараптар тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү. 

Андан кийин Акылбек Жапаров жана Ли Цян өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды.

Белгилей кетсек, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров жана Акылбек Жапаров менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлөт, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле, жогорку даражадагы конок Ли Цян үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636